БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандык делегация Москвада бүгүн өтө турган Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, делегацияны вице-премьердин милдетин аткаруучу Олег Панкратов жетектеп барды.
Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууга алынат.