Албетте айтылган бул ойлор менен ар ким эле макул болбошу мүмкүн. Биз калыптанып калган жалпы түшүнүктөр боюнча гана сөз кылабыз.
Өрүк зарлуу Баткендин бактылуу кыздары региондор арасында чач өстүрүү, аны багуу жагынан алдыңкы орунду бербей келет. Алардын чачтары адатта тизеден ылдый, жоон жана кайраттуу келет. Мындай керемет чачтын сыры көрсө, кадимки көздү ачыштырган пиязда экен. Алгач пиязды сүргүчтөн өткөрүп, андан соң маска кылып чачтын түптөрүнө сүйкөшөт. Жыйынтыгында чач бекем жана калың болуп өсөт. Бул аймактын кыздары чачтарын өрүп жүрүшөт. Байлап же түйүп алуу улуулардын көзүнө өөн көрүнөт дейт кыздар.
Жаштардын шаары Жалал-Абад түштүктүн бөлөк региондорунан айырмаланып, чачтарын узун кылып алып жүрүүсү милдеттүү эмес экен. Ошого карабастан чачтары кайраттуу жана табиятынан кара түстө болот. Себеби, сарымсак — алардын туруктуу досу. Аны чачтын түптөрүнө маска түрүндө колдонушат. Эгерде сиз дагы бул ыкманы колдоном деп жатсаңыз, кулагыңызга күмүш сырга. Аталган масканы колдонгондон кийин миң түркүн шампунь менен жуусаңыз да чесноктун жыты кетпейт. Андыктан чесноктон кийин сөзсүз соода менен жууганды унутпаңыз. Баса, кыздар чачтарын байлап жүрүшөт, болгондо да төбөсүнө кондуруп байлоо актуалдуу экен.
Ысык-Көлдүн ак куулары сууга жакын болгондугуна байланыштуу чачтары бат өсөт, бирок жука келет дешет. Көлдө балык көп. Балыктын эти витаминдерге бай экенин баарыбыз эле билсек керек. Анын пайдасы кыздардын чачына да тийет. Көлдүн кыздары чачтарын өрүп алышат, же баштын төбөсүнө эмес, так ортосуна байлашат.
Камкордугу жагынан айтсак чалкандын суусуна жуушат, ал чачты бекемдейт. Бирок ошого карабастан жука жана суюк келет. Себеби суусунда май жок. Көрсө, илгери апаларыбыз чачтарына сары май сүйкөгөнү бекеринен эмес турбайбы.
Алыскы Нарындын перилери эзелтен май менен дос десек аша чапкандык болбос. Дегенибиз илгертен бери айран, сүзмө менен баш жуумай салт эле. Анан да эт жеп жатканда атасы кызынын кашына майын сүйкөп койгону калппы? Май чачты байытып, тартса жулунгус кайраттуу кылат. Дагы бир далил Нарында 6 ай кыш болот. Жергиликтүү эл бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, кардын суусуна кир жууп, өздөрү да жуунуп келишкен. Бул өтө пайдалуу нерсе. Бирок чачтарын узун алып жүрүүсү шарт эмес, региондор арасында чачты ар кандай кылып байлап жүрүү мүнөздүү.
Ал эми Чүй, Бишкектин кыздарынын арасынан түркүн-түстүү чачтарды жолуктурууга болот. Арасында узуну, кыскасы да бар. Анан шаардагы сууга хлор кошкондуктан ал чачты тез эле алсыздандырып, түшүшүнө алып келет. Мындайда айласыз кыркканга туура келет.
Стилист кеңеш берет
Луиза Сатыбекова, стилист, чач тарач
Акыркы убактарда кыздар чачтын узундугуна, анын табигый күрөң өңүнө басым жасап жатышат. Быйылкы жылдын модасы катары чачты боёо жана мелировкалоо мүнөздүү.
"Мен такыр эле кыздардын чачтарын хна менен боеп алганына түшүнө албайм. Ал чачты тескеринче алсыздандырып, биротоло өлтүрөт. Жадакалса чачтын түзүлүшүн бузган дал ушул хна. Бул боёк алыскы Кытай, Индиядан алып келинет. Баасы алда канча арзан. Эл ошол себептен арзан жакка качып атса керек. Андан көрө кутудагы боектор пайдалуу. Арзан оокаттын кымбат түйшүгү болот", — дейт ал.
Сатыбекова шампунь менен чачты жуугандан кийин артынан бальзам сүйкөсө чач кулпуруп көркүнө чыгарын айтат. Бальзам, анан калса чачты жумшартуучу касиетке ээ.