БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россиянын коргоо министрлигиндеги тилсиз жоо өчүрүлдү.
Аталган министрликтин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенковдун айтымында өрт толук кандуу өчүрүлду.
Тилсиз жоону токтотуу үчүн өрт өчүрүүчү 100 унаа жана 330 куткаруучу иштеди.
Өрт 3,5 миң чарчы метр жерге жайылган.
Эскерте кетсек, Россиянын коргоо министрлиги жайгашкан сегиз кабаттуу мекеменин үчүнчү кабатындагы өрт чыгып, ал мекеменин чатырына чейин жеткен. Кырсык катталган жерден 50гө чукул адам сыртка чыгарылган, сегиз адам куткарылган.