БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол чырак жекшемби күнү саат 11:30да иштеди. Бул туурасында Бишкек патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин YouТube каналына борбор калаадагы ири көчөлөрдүн кесилишинде жол кыймылын эки жаш жигиттин жөнгө салып жатканы тартылган видео тараган. Алардын кийиминен милициянын кызматкерине тиешелүү белгилер байкалган эмес.
Эң кызыгы, Жол кыймылын жолго сала турган патрулдук милициянын унаасы ал жерден эки ирет өтүп кеткени видеого түшүп калган.
Бишкек патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан тарап кеткен видео боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгын билдиришти. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү адамдардын жол кыймылын көзөмөлгө албагандыгы үчүн чаралар көрүлө тургандыгын кошумчалашты.