БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "КыргызКредитБанк" ачык акционердик коому аталышын өзгөртүп, Евразиялык сактык банкы болуп өзгөрдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылган.
Аталышын өзгөрткөндөн кийин аталган мекеме Улуттук банкка операцияларды жүргүзүү боюнча лицензияларды алмаштырып берүү өтүнүчү менен кайрылган.
28-март күнү өлкөнүн башкы финансылык мекемеси лицензияны алмаштырып берди.