Алмазбек Атамбаев чет элдик элчилерди "уктабоого" чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында.
Президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент бир жыл ичинде эки мамлекеттин мамилесин толук өзгөрткөн Европадагы бир өлкөнүн чет элдик дипломаттын ишин мисал келтирди.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн кандай пландары бар экенин айтты.

Бүгүн тогуз мамлекеттин (Түркмөнстан, Польша, Австралия, Швеция, Пакистан, Алжир, Израиль, Филиппиндер жана Венгрия) элчилери Кыргызстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды.

© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүн тогуз мамлекеттин элчилери Кыргызстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
1/6
Бүгүн тогуз мамлекеттин элчилери Кыргызстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
© Sputnik / Табылды КадырбековТүркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Мередов Шадурды Овезнепесович ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында
2/6
Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Мередов Шадурды Овезнепесович ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында
© Sputnik / Табылды КадырбековПольшанын Кыргызстандагы элчиси Мачей Ланг
3/6
Польшанын Кыргызстандагы элчиси Мачей Ланг
© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Алжир мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Насер Бушерит
4/6
Президент Алмазбек Атамбаев жана Алжир мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Насер Бушерит
© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Иран мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Кази Хабиб Ур Рехман
5/6
Президент Алмазбек Атамбаев жана Иран мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Кази Хабиб Ур Рехман
© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Андраш Барани
6/6
Президент Алмазбек Атамбаев жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Андраш Барани
1/6
Бүгүн тогуз мамлекеттин элчилери Кыргызстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
2/6
Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Мередов Шадурды Овезнепесович ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында
3/6
Польшанын Кыргызстандагы элчиси Мачей Ланг
4/6
Президент Алмазбек Атамбаев жана Алжир мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Насер Бушерит
5/6
Президент Алмазбек Атамбаев жана Иран мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Кази Хабиб Ур Рехман
6/6
Президент Алмазбек Атамбаев жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Андраш Барани

Президент өз сөзүндө Кыргызстан достук мамилелерди чыңдоо үчүн бардык мамлекеттер менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда өзүнүн кызыкчылыгы да башкы орунда турарын кошумчалап, быйыл КМШга Кыргызстан төрагалык кыларын белгиледи.

Өлкө башчысы элчилерден көп нерсе көз карынды экенин айтты.

"Бизге Европадагы бир мамлекеттин элчиси дайындалган. Ал бир жыл ичинде эки өлкөнүн мамилелерин абдан жакшыртты. Мен бул мамлекетте болдум. Элчилерден көп нерсе көз каранды. Эгер жумуш ордунда уктай турган болсо бул дагы вариант. Бирок, сиздер мамилелерди чыңдоо үчүн бардык аракеттерди көрөсүздөр", — деди ал.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддын мэри таза суу жана жол боюнча президентке отчет берди
Атамбаев элчилерге президенттин аппараты жана Тышкы иштер министрлиги дайыма колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Өлкө башчысы эки мамлекеттин мамилесинин өнүгүшүндө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун ролун жогору баалады. Ал эми Алжир мамлекети менен экономикалык багытта мамилелерди жолго коюу керектигин айтты.

Президент өз сөзүндө ар бир өлкө менен байланыштарды чыңдап, маданий, экономикалык жактан кызматташуу замандын талабы экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0