Ош шаарындагы шайлоого 117 миң 752 кишинин катышуусу күтүлүүдө. Алардын 1162си кечээ мөөнөтсүз шайлоого катышкан.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаардык кеңешке шайлоого биринчи келгендерге белектер берилди. Эртең мененки саат 8:00дөн тарта Ош шаарында жайгашкан 73 шайлоо участкасы босогосун ачып, шайлоочуларды кабыл алууда.
Шайлоого 117 миң 752 кишинин катышуусу күтүлүүдө. Алардын 1162си кечээ мөөнөтсүз шайлоого катышкан.
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратовдун маалыматында баардык шайлоо участкалары толук ишин баштады.
Добуш берүү 20:00дө аяктайт.
Эскерте кетсек, бүгүн 27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтөт. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 265 миң жаран добуш берет.