БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-майына белгиленген айрым жергиликтүү кеңештерге болуучу шайлоонун участкаларынын схемасы менен чеги белгиленгенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-майда Ош жана Нарын облустарынын айрым жергиликтүү кеңештерине шайлоо болот. Мындан тышкары, БШКнын жыйынында 2016-жылдын 15,18 жана 22-март күндөрү өткөн шайлоолордун протоколдору бекитилди.
Муну менен бирге Кочкордогу Ак-Кыя жана Нарындын Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 8-апрелге бекитилсе, Таластагы Бекмолдо жана Ысык-Көлдөгү Тепке айыл өкмөттөрүнүн башчылары 13-апрелде шайланмай болду.