БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 27-март күнү өтө турган жергиликтүү шайлоого даярдык менен жеринде таанышып кайтты. Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдраимов аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери жана БШКнын Каракол, Балыкчы, Ош, Токмок жана Кемин шаарларындагы атайын өкүлдөрү менен жолукту.
Анда шайлоо участкаларындагы абал, көйгөйлөр жана шайлоочуларды кабыл алууга даярдыктар талкууланды.
Абдраимов кесиптештерин мыйзам чегинде иш алып барып, шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтөт. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 265 миң жаран добуш берет.