БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-мартына белгиленген жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна карата 2157 адам биометрикалык каттоодон өтпөгөнү аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзүн шайлоочулардын тизмесинен таппаган жарандардан арыздарды кабыл алуу аяктады.
Мында мөөнөтүнөн эрте өтүүчү жана кезектеги шайлоого карата жалпы жонунан 5747 адамдан арыз түшүп, 2157 жаран бометрикалык маалымат тапшырбагандыктан тизмеге кирбей калганы аныкталган. Мында 3590 арыз боюнча жеке маалыматтардагы катачылыктар оңдолгон.
Ал эми өлгөндөрдүн саны 177 адамды түзгөн.