БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда "Кыргызжернефтегаз" ишканасы уруксат берилбеген убакытта ишмердүүлүк жүргүзүп, 4,5 миллион сомдон ашуун мыйзамсыз кирешеге ээ болгон. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, эски скважиналарды капиталдык ремонттон өткөрүп, чийки нефть өндүрүү менен алектенип келген компания 2013-жылдан бери иштеп келген.
Бирок аталган мекеме казуу иштерин жүргүзүүгө Геология агенттигинен 2014-жылдын ноябрь айында гана расмий уруксат алган. Буга чейин деле иштеп келген ишкана 4 миллион 576 миң 915 сом өлчөмүндө мыйзамсыз кирешеге ээ болгон.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.