БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ивановка айылында турак жай өрттөнүп, анда 58 жаштагы Филорет Юлдашев үй ээси каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жалын бөлмөдөгү эмерек, төшөнчү жуурканды каптап, үй ээси түтүнгө ууланып калган.
Министрлик кырсыкка тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгонун белгиледи.