Аксы: бир билекке биригип, бийлик, оппозиция, молдолор чек ара маселесин түшүндүрүүдө

Жазылуу
Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, чек араны көзөмөлдөп турган аскерлердин санын азайды. Буга чейин 20дан аскер абалды көзөмөлдөп турса, учурда эки өлкө тараптан 8 ден аскер көзөмөлгө алышууда.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Аксы районунун жергиликтүү тургундарынын арасында бийлик, оппозиция өкүлдөрү, айыл аксакалдары жана молдолор чек арадагы абал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кербен — Ала-Бука жолунда турган өзбек аскерлеринин саны азайды
Эске сала кетсек 18-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагына өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, Кербен — Ала-Бука жолуна (чек аранын такталбаган участогу) блокпостторду орноткон. Андан сырткары бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.

Ал ортодо массалык маалымат каражаттарында аталган аймакта абал курчуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Ушуга байланыштуу Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагындагы абал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

Аксы районунун акими Медет Айдаралиев райондун тургундары Нооруз майрамын белгилеп жатканын айтты. 

"Учурда чек арада абал туруктуу. Райондун тургундары майрамдык маанайда Ноорузду белгилеп жатышат. Кербен шаарында көк бөрү стадионунун ачылышы болуп, анда район боюнча чоң улак оюну өтүүдө. Мындан сырткары жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз", — дейт аким. 

Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей кээ бир массалык маалымат каражаттары туура эмес маалымат таркатууда.

"Эч кандай уруш, тирешүү катталган жок. Автоунаалар жүрүп жатат. Элдин маанайы жакшы. Коопсуздукту бузуу боюнча эч кандай чакырыктар болбоду. Кээ бир массалык маалымат каражаттары туура эмес малымат берип жатышат. Аксыда күчтөр топтолуп, чек арага аттанды деген маалымат калп. УКМК баш болгон күч структуралары абалды көзөмөлдөп турат. Жаштар комитети, аксакалдар соту, аялдар комитети жана жергиликтүү аксакалдар, элдик кошундар элет тургундары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", — деп билдирет маалымат кызмат. 

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Тотомушев Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү молдолор жаштарга баяндарды өткөрүп жатканын айтты. 

"Мен кече күнү эле Жалал-Абад шаарынан келдим. Анда жергиликтүү молдолор менен жолугуп, жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселин сүйлөштүк. Учурда жериликтүү имамдар жаштарга баяндарды өткөрүшүүдө", — дейт Токтомушев. 

Кербен шаардык кеңешинин депутаты Кален Үрүстөмов өзбек чек арачылары ары-бери өткөндөрдүн паспортторун текшерип жатканын айтты. 

Өкмөт өкүлү: Өзбекстан тарапты чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкенге чакырабыз
"Жолдон өткөндөрдүн паспортторун текшерип жатышат. Агрессияга алдырып, эмнеге туруп алдыңар деген бир жаранды өткөзбөй коюшту. Мен билгенден андан башка өткөрбөй койгон мисал боло элек. Кээ бирлери документтерин көрсөтпөй эле өтүшүүдө. Бул жакта жаштар чогулуп, чек арага аттанабыз дегендер жок. Бишкектен келе жатышыптыр деп угуп жатабыз. Айыл башчылар менен биргеликте элге жолугуп, абал туруктуу болгунча чек арага жакындабай, малдарыңарды андан алыс кармагыла деп айттык. Ош, Жалал-Абаддан кошумча аскер күчтөр келди. Абал туруктуу. Шаардык кеңештин депуттары кезектешип абал боюнча маалымат алып турабыз", — дейт Үрүстөмов. 

Ал ортодо активист Шекербек Камчыбек уулу чек арадагы абал боюнча 22-март күнү Аксы районуну борбору Кербен шаарында митинг уюштурула турганын билдирди. 

"Учурда абал туруктуу эле. Чогулуп чек арага барабыз дегендер жок. Эртең, 22-мартта кырдаал боюнча Кербенде митинг өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал жерде чек ара маселеси көтөрүлөт. Митинге Бишкектен кырк чоронун мүчөлөрү келишүүдө", — дейт Камчыбек уулу.

Ал ортодо кырк чоро кыймылынын өкүлү Замир Көчөрбаев алар митингге катышпай турганын билдирди. 

"Биздин 40 жигитибиз Аксыга баруу үчүн бүгүн жолго чыгат. Бирок алар митингге катышпайт. Чек арага барып, өз көзүбүз менен таанышууну көздөп жатабыз. Мындан сырткары өзбек тарапка кыргыздардын нааразы болуп жатканын көрсөткүбүз келет", — дейт Көчөрбаев.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун уулу, оппозиция өкүлү Руслан Бекназаров Sputnik Кыргызстан агенттигине Аксыда митинг эмес, кеңешме өтөөрүн билдирди. 

"22-мартта Кербен шаарында митинг эмес кеңешме өтөт. Анын максаты — район тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Маселени ачууга алдырбай, дипломатиялык жол менен чечишибиз керек", — дейт Бекназаров.

Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүндө (Чаласарттын жанында) жайгашкан Үч кемпир Турдубаев атындагы орто мектептин директору Аскар Шерматов айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты. 

"Айыл тургундары алгач оолугуп чыгышкан. Көп өтпөй абалды түшүндүрүп, ачууга алдырбагыла дедик. Учурда чек арага барып, абалды курчутуучулар жок", — дейт Шерматов. 

Айыл тургуну Тынарбек Кушназаров алгач айыл жаштары чогулуп жатканы тууралуу маалымат тарагынан айтты. 

"Окуя башталганда айыл жаштары чогулуп, чек арага барышат экен деген маалымат уккам. Кийин акимчилик тараптан аралашпагыла деген буйрук келип, ал кыймыл токтотулган. Учурда Ноорузду майрамдап жатабыз", — дейт Кушназаров. 

БТР жана аскерлер. 19-марттагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал
Ал ортодо Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Райымберди Дүйшембиев Sputnik Кыргызстан агенттигине Чаласарт аймагында чек араны көзөмөлдөп турган эки өлкөнүн аскерлердин саны кыскарып, сегизден аскер калганын айтты. 

"Учурда абал туруктуу. Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, чек араны көзөмөлдөп турган аскерлердин санын азайттык. Буга чейин 20 дан аскер турса, учурда эки өлкө тараптан 8 ден аскер көзөмөлгө алышууда", — дейт Дүйшембиев.

Мурда Чек ара кызматы билдиргендей, кыргыз-өзбек чек арадагы бардык өткөрүү пунктары 18-марттан бери бир тараптуу жабык турат. Көзөмөл өткөрүү жайлары үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн ачык экени белгилүү болду. 

КР Тышкы иштер министрлиги Жалал-Абаддагы Кербен — Ала-Бука жолунун жабылышына байланыштуу каршылык ошол эле күнү нотасын тапшырып, блок постторду тез аранын ичинде ачууну Өзбекстандан талап кылган. 

Окуянын себеби туурасында өкмөттүн чек аралар боюнча өкүлү маалымат берип, кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычына байланыштуу экендигин айткан. Ал тирешүүлөр жакшылыкка алып келбестигин айтып, өзбек тарапты кепке келүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0