Жанарбек Кенжеев Олимпиадага катышуу үчүн лицензияга ээ болду

© AFP / MENAHEM KAHANAГрек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалдык беттештин жыйынтыктарына карабастан Кенжеев Олимпиадалык оюндарга катышууга лицензия алды. Жалпы жонунан Кыргызстандык спортчулар беш лицензияга ээ болушту.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өтө турчу Олимпиадага лицензия утуп алды.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча лицензиялык эл аралык турнир Астана шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 17 спортчу катышууда.

Сочидеги олимпиадалык оюндарындагы Кыргызстандык спортчулардын чыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадачылар үчүн кийим дизайны боюнча сынактын мөөнөтү жылды
Чейрек финалда Кенжеев индиялык балбан менен кармашып, аны 8:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалдык беттеште япон балбаны Тайчи Оканы 2:0 эсебинде жеңди.

Финалдык кармашта ал Кытайдан келген атаандашы менен беттешет. Акыркы оюндун жыйынтыгына карабастан ал 2016-жылы боло турчу Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн лицензия алат.

Жайкы Олимпиадалык оюндар 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Анда спорттун 28 түрү боюнча 306 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандан бул оюндарга Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (бардыгы жеңил атлетчи), ошондой эле, грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев лицензия алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0