БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ош шаарына караштуу Төлөйкан айылында жашаган тургундун үйүнөн өрт чыгып, түтүнгө ууланган аял каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-март күнү саат 13:42 чамасында 62 жаштагы тургундун үйүнөн өрт чыккан.
Өрт куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери кырсык болгон жерге саат 14:08де жетип барып, өрт жалынын өчүрүшкөн.
Түтүнгө ууланган үй ээси Ош шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ооруканадан каза болгон.