БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин алдындагы мамлекеттик атайылаштырылган башкармалыктын күзөт бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук башкармалыктын тийиштүү кызматкерлери жумушчулардын айлык акысына мыйзамсыз кошумча акча төлөп келген. Мындан улам мамлекетке 1 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
Аталган кызматкерлерге карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары башталды.