БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Бишкекте "Сүмөлөк-2016" фестивалы өтөөрүн мамлекеттик Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы билдирди.
Иш-чара этно-комплекстердин биринде 20-21-март күндөрү Нооруз майрамынын урматына болот.
"Мааракени "Кыргыз тилектештиги" коомдук фонду уюштуруп жатат. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген өкүлдөр катышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Фестивалдын салтанаттуу ачылышы 20-март күнү саат 14:00 болот. Ага баардык каалоочулар катыша алат.