БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ошто 23 килограммдан ашуун нашаа сатууга тиешеси бар делген үч баланын энеси кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик баңгизатка каршы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы кыргызстандык аял буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында 14-мартта колго түшүрүлгөн.
Аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери былтыртан бери издеп келишкен.
Учурда аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.