БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Токмок шаарынын тушунан 47 жана 62 жаштагы эки жергиликтүү тургунду коюп качып кеткен айдоочу кармалганын Чүй ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 9-март күнү саат 22.15те болгон. Жабырлануучулар алган жараттарынан улам ошол эле жерден каза болушкан. Сөөктөр Токмок шаарынын өлүкканасына жеткирилген.
Жолоочуларды коюп кеткен 47 жаштагы Ивановка айылынын тургуну милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тийиштүү экспертиза дайындалды.
Унаа айып короого токтотулуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.