БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Боня маймылы Екатеринбург зоопаркында өткөн "Зоомис-2016" сынагын жеңип алганын РИА Новости кабарлады.
Аталган сынак 8-март айымдардын эл арылык майрамына карата өткөрүлгөн. Анда каалоочулар администрациянын сайты аркылуу катышчууларга добуш беришкен.
"Добуш берүүгө 800 адам катышкан. Сынактын жүрүшүндө жаныбарлардын төрт түрү күч сынашкан. Ак моюндуу Боня маймылы, Луна көк карышкыры, Фиалка канаттуусу жана кескелдирик катышкан. Боня 58 пайыз менен жеңүүчү аталган", — деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек зоопарктын администрациясы буга чейин "Зоомистер-2016" аталышнда сынак өткөрүп, аны Бобо маймылы жеңип алган.