БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан редакциясы аталышында "кыргыз" деген этноним же андан куралган сөз кездешүүчү жерлер жана объектилерди иргеп чыкты.
Мекен эмнеден башталат? Кыргызстан жөнүндө айтсак, Жердин орбитасынан — өлкөнү байланыштырууга мүмкүн болгон эң алыс жактан башталат. Союз жоюлган соң, Жердин геостационардык орбитасындагы "токтоп туруу чекити" Кыргызстанга мураска калган. Ал жер — өлкөнүн жеке менчиги, анда жасалма спутниктерди жайгаштырууга болот. Атургай, алгачкы ата мекендик KyrgyzSat спутнигин иштеп чыгып, космоско коё берүү сунушталган. Тилекке каршы, долбоор ишке ашпай, бирок космоско карай жол ачык калган.
Кыргызстан же, тагыраак айтканда, Kyrgyzstan — Бириккен Араб Эмирлиги тарабынан 2008-жылы Персия кысыгында курулган 300 жасалма аралдардын бири. Алар The World (Дүйнө) архипелагынын курамына кирет. Аралдардын ар бири тиги же бул өлкөнүн наамын алган. Анын кичинекей көчүрмөсү болгон арал ошол өлкөнүн улуттук колоритине, каада-салтына туура келет. Ар биринин баасы — 20 — 40 миллион доллар. Бирок "Кыргызстандын" ээси ким экени белгисиз.
Кыргыздар жөнүндө анчалык бай эмес монголдор да билет. Монголиянын батышында Кыргыз-Нур көлү жайгашкан. Монголчо Хяргас-Нур деп айтылат. Бул аталыш көлдүн жээгинде мурда жашаган кыргыздардан калган деп эсептелет. 2012-жылы Монголиянын ал кездеги президенти Цахиагийн Элбэгдорж өзүнүн Бишкекке болгон иш сапарында ошол көлдүн суусунан ала келген.
Россиянын Сибирь жагында да кыргыздарга байланышкан объектилер арбын. Мисалы, Томск аркылуу Малая Киргизка суусу агып өтөт. Ал Киргизка айылы аркылуу өтүп Большая Киргизка суусуна куят.
Бул РФтеги жалгыз "кыргыз" объект эмес. Ярослав облусунда чоң жолдон 200 чакырым алыстыкта "Киргизстан" совхозу жайгашкан. 1976-жылы ал жакка Кыргызстандан студенттик отряд келип, үйлөрдү, мектептер менен айыл чарба комплекстерин жана клуб курушкан.
Москванын ири кинотеатрларынын бири "Киргизия" деп аталат. Ал 1972-жылы курулуп, эл аралык кинофестивалдар өтүүчү жай болгон. 2003-жылы августта "Киргизия" оңдоодон кийин кайра ачылып, азыр ал заманбап кинотеатр болуп саналат.
Башка өлкөлөрдө Кыргызстан жөнүндө анча көп айтылбайт, бирок Будапештте KirgizUtca (Кыргыз) көчөсү бар. Ал калаанын борборунан алыс эмес жайгашкан.
Алтайда, Тувада, Монголияда жана Забайкальеде күмбөздөр — 2-3 метрге чейинки түрдүү бийиктиктеги керексурлар деп аталучу дөбөлөр бар. Бир катар окумуштуулардын пикиринде, керексур —"киргиз-ур" (кыргыз уялары) деген сөздүн бурмаланып берилиши, ал эми күмбөздөрдүн байыркы кыргыздарга тиешеси бар деп эсептешет.
Ошондой эле "Киргизия" кир жуугуч машинасы кеңири белгилүү болгон. Аны республикада эле эмес, бүтүндөй СССРдин аймагында колдонушчу.
Материалдык объектилерден сырткары, кыргыздар жөнүндө башка эскерүүлөр да бар. Башкырларда, хакастарда, тувалыктар менен буряттарда жана башка түрк элдеринде "кыргыз" деп аталган уруулар кездешет.