БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ошто 10 килограммдан ашуун сымап алып жүргөн шаардын тургуну кармалганын Ош ОИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 43 жаштагы жаран 3-март күнү кечке маал сымапты сатууга аракет кылган жеринен кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 254-беренесиндеги ("Оор таасир этүүчү жана уулу заттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү") кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.