БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкекте өлкөнүн волейбол боюнча клубдар аралык мелдешинин үчүнчү туру өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясы билдирди.
Кыргызстандын эркектер аралык клубдарынын жогорку жана улуттук лигасынын үчүнчү туру 9-13-март күндөрү болот.
Жогорку лигада биринчилик үчүн беш команда күч сынашууда. Экинчи турдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча жогорку лигада Жалал-Абаддык "Динамо" командасы камчы салдырбай келе жатат.
Улуттук лигада алты команда атаандашып, экинчи турдагы оюндардын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүк "Жаңы-Муун" клубу алдыда келүүдө.
Үчүнчү турдагы оюндардын расписаниеси:
9 март
- 9:30 "Жалын" — "Улар"
- 11:00 "Кадамжай" — "Ош"
- 12:30 "Жети-Суу" — "Жаңы-Муун"
- 14:00 "Ош Бажы" — "Дархан ОшТУ"
- 15:30 "Салам-Алик" — "Нацгвардия"
10 март
- 9:30 "Ош" — "Динамо"
- 11:00 Кадамжай" — "Улар"
- 12:30 "Салам-Алик" — "Жети-Суу"
- 14:00 "Нацгвардия" — "Дархан ОшТУ"
- 15:30 "Ош Бажы" — "Жаны-Муун"
11 март
- 9:30 "Динамо" — "Кадамжай"
- 11:00 "Жалын" — "Ош"
- 12:30 "Салам-Алик" — "Дархан ОшТУ"
- 14:00 "Ош Бажы" — "Жети-Суу"
- 15:30 "Жаны-Муун" — "Нацгвардия"
12 март
- 9:30 "Динамо" — "Жалын"
- 11:00 "Ош" — "Улар"
- 12:30 "Дархан ОшТУ" — "Жети-Суу"
- 14:00 "Салам-Алик" — "Жаны-Муун"
- 15:30 "Нацгвардия" — "Ош Бажы"
13 март
- 9:30 "Улар" — "Динамо"
- 11:00 "Жалын" — "Кадамжай"
- 12:30 "Дархан ОшТУ" — "Жаны-Муун"
- 14:00 "Салам-Алик" — "Ош Бажы"
- 15:30 "Нацгвардия" — "Жети-Суу"
Спорт сүйүүчүлөрүнүн айтымында "Салам-Алик" — "Жаны-Муун" командаларынын беттеши көпчүлүктүн бүйүрүн кызытат.