БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Баткен районунун Сох анклавы менен чектешкен Бөжөй жана Кара-Токой айылдарында мектептердин курулушу башталганын кыргыз өкмөтүнүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Быйыл мамлекет тарабынан салынуучу 100 мектептин ичине Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынан үч мектеп кирген.
Бөжөй айылындагы Курбаналы Абдраимов атындагы орто мектеби 1990-жылы ашар жолу менен салынган. Учурда 139 окуучу билим алып, 19 мугалим иштеп келет. 2011-жылы жер титирөөдөн улам аталган мектеп авариялык абалда калган. Жаңыдан салынып жаткан мектептин сметалык баасы 25 миллионду түзүп, ашкана, спорт зал, сыяктуу заман талабына ылайык 100 орундуу типтүү мектеп болуп салынмакчы.
Кара-Токой айылына салынуучу мектептин сметалык баасы 58 миллион сомго бааланган. 150 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу болот. Ага чейинки имарат 1947-жылы ашар жолу менен салынып, 2011-жылдагы жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калган.