БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунда ГЭС-3 көлмөсүнө түшүп жатып чөгүп кеткен Мухтар Шадиевдин сөөгү изделип жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 3-март күнү саат 15.00дө болгон. Шадиевдин 43 жашта экени айтылууда.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү издеп, кеч болуп кеткендиктен издөө иштерин токтотушкан. Бүгүн куткаруучулар кайрадан издөөнү улантышат.