БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ошто "Байыркы Ош шаарында Россия киносунун жумалыгы" аттуу эл аралык кинофестиваль өтө турганын Кинематография департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-24-апрелине белгиленген эл аралык иш-чараны өткөрүүгө даярдык иштерин аталган департаменттин директору Мукталы Бектеналиев менен россиялык "Элс продакшн" борборунун продюсери Елена Лебедева кечээ талкуулашты.
Ош шаарынын тургундарына алты тасма тартууланып, иш-чаранын ачылышы мамлекеттик "Семетей" кинотеатрында өтөт.