БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыз жандап кафеге барып, 10 миң сомдук тамак-ашты жегенден кийин из жашырып кеткен жигит кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя шаардын Горький менен Радищев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде болгон. Акча төлөр маал келгенде жалгыз калган кыз милицияга арыз менен кайрылууга аргасыз болгон.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында Бишкектин 24 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.