Бишкекте 76 жаштагы кемпирди уруп-согуп үйүнөн 46 миң сом алып кеткен жаран кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектүү жарандын 28 жашта экени айтылууда. Окуя мекен сакчыларынын күнү кечинде болгон.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Бишкекте 76 жаштагы пенсионер аялдын үйүнө белгисиз адам кирип келип, күч колдонуу менен 46 миң сомун алып кеткенин Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 23-февраль күнү саат кечки 5.00дө болгон. 

Шаардын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкектин 28 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0