Лос-Анжелесте Леонардо ди Каприо "Оскар" алса, Лондондо ырчы Адель "Грэмми" сыйлыгынын аналогу — Brit Awards сыйлыгына ээ болду.
Манилада "сары революциянын" 30 жылдыгы белгиленди. Ал эми Япония сезондук жумуш издөө башталды. Кытайда жылкылардын урушу өтсө, индонезияда вьетнамдык балык уулоо кайыктар жок кылынды.
Ливандын борбору Бейрутта "таштанды дарыясы" пайда болсо, Нидерландда жүргүнчү поезди кран менен сүзүштү.
Бишкекте эрежесиз эр уруш көпчүлүктүн купулуна толсо, "Ала-Тоо" аянтындагы башкы желекти үч жаштагы бала күзөтүп жатат.

Ливандын борбору Бейрут шаарында "таштанды дарыясы" пайда болду. Мында кеп Эль-Жудейд көчөсүн бойлой чыгарылган акыр-чикир салынган баштыктар тууралуу болууда. Көйгөй бийликтин эски таштанды жайын жаап салгандан кийин жарым жыл мурун башталган. Акыр-чикир үчүн жаңы орун азырынча табыла элек. Daily Mail маалыматы боюнча көчөгө топтолгон таштанды Россиядан кайра иштетилмей болду

Манилада авторитардык президент Фердинанд Маркостун четтетилишине алып келген "сары революциянын" 30 жылдыгы белгиленди

Кытайда премиум-класстагы Cadillac CT6 унаасы GM автоконцернинин жарнамалык өнөктүгүнүн алкагында ири аквариумга салынды

Перулук серфер Карлос Ареола caballito деп аталган камыштан колго жасалган тактайда өнөрүн көрсөтүү үчүн атайы Австралияга келген. Окумуштуулардын божомолунда, кабаллито перуда биздин заманга чейин 3000-жылы жасалган

Кытайдын Гуанси-Чжуан автономдук районундагы салтка айланган жылкылардын урушу. Эрежеге ылайык, ортого бир бээ чыгып, андан кийин ага ээлик кылуу үчүн эки айгыр алышат. Мындай мелдештер Кытайдын түштүк бөлүгүндө жайгашкан бардык айылдарда өткөрүлүп келет. Мында адамдар акча коюп, жеңүүчү 10 миң юанга (114 миң сом) чейин акча утуп алышы мүмкүн

Индонезиянын Батыш Калимантана аймагында вьетнамдык кемелер мыйзамсыз балык уулаганы үчүн кармалып, сегизинин төртөө жок кылынды

Нидерландда жүргүнчү поездди кран менен сүзүшүп, темир жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан бир киши каза болуп 10у жаракат алган

Адель мыкты альбому үчүн Лондондо Brit Awards сыйлыгына ээ болду. Британиялык ырчы төрт номинацияда жеңүүчү аталып, кеченин көңүл борборунда болду.
Brit Awards — "Грэмми" сыйлыгынын британиялык аналогу. Аны Британиянын фонограмма өндүрүүчүлөр ассоциациясы ыйгарат. Сыйлык 1982-жылдан бери тапшырылып келет
Brit Awards — "Грэмми" сыйлыгынын британиялык аналогу. Аны Британиянын фонограмма өндүрүүчүлөр ассоциациясы ыйгарат. Сыйлык 1982-жылдан бери тапшырылып келет

Сицилиянын Аугусту портунда Италиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн кемелери Тунис куймасын көзөмөлдөө учурунда аман калган 700дөн ашуун мигрантты алып келип таштады

Токиодо миңден ашуун ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү жыл сайын өтүүчү жумуш издөө сезонун ыр-бий менен тосуп алышты

Гаитинин Порт-о-Пренса көчөсүндө уктап жаткан наристе.
Гаити Латын Америкасындагы эң жакыр өлкөлөрдүн катарында турат. Орточо эсеп менен бир тургун күнүнө 3-4 доллар коротот
Гаити Латын Америкасындагы эң жакыр өлкөлөрдүн катарында турат. Орточо эсеп менен бир тургун күнүнө 3-4 доллар коротот

Газа секторундагы качкындар лагеринде палестиналык бир туугандар жаандан корголоп турушат

Грециянын Лесбос аралындагы мигранттар менен качкындар тарабынан колдонулган кайык моторлорунун арасындагы кароосуз калган ит.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 25 миңден ашуун качкын менен мигрант күн көрүп келет
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 25 миңден ашуун качкын менен мигрант күн көрүп келет

Крайсчерчте Жаңы Зеландия менен Австралия командаларынын ортосунда крикет боюнча беттешүү маалында стадионго жылаңач эркек киши чуркап чыккан

Саясатчы, коомдук ишмер Борис Немцовдун өлүмүнүн жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүү маршынын катышуучулары.
2015-жылдын 28-февралына караган түнү Москва шаарында атылган Немцов 1990-жылдары Россия өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлеп, 2000-жылы оппозицияга ооп кеткен. Ал эми атылган учурда Ярославль облустук думада депутат болуп келген

Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы Иу шаарында өтүп жаткан парадга балдар катышууда

Көркөм гимнастика боюнча Москванын Гран-при турниринин гала-концертинде өнөрүн тартуулап жаткан россиялык гимнаст Маргарита Мамун

Кыргызстан менен Дагестандын спортчулары Эртаймаш кулатуу боюнча мелдеш учурунда.
Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт ордосунда WEF-4 Эртаймаш кулатуу боюнча федерациянын төртүнчү эл аралык турнири болуп өттү. Беттешүүнү эки команда бирдей эсеп менен аяктады.
Мындан тышкары, турнирдин алкагында Казакстан менен Өзбекстандан келген коноктордун катышуусу менен рейтингдик беттешүүлөр өттү.

Актер Леонардо ди Каприо "Эркектин мыкты ролу үчүн" "Оскар" америкалык киноакадемиясынын сыйлыгын алды.
88-ирет өткөн "Оскар" тапшыруу аземи Лос-Анжелестин "Долби" кинотеатрында өттү.
88-ирет өткөн "Оскар" тапшыруу аземи Лос-Анжелестин "Долби" кинотеатрында өттү.

Үч жаштагы Сердар Таалайбеков "Ала-Тоо" аянтындагы башкы желекти Улуттук гвардиянын күзөтчүлөрү менен кошо кайтарууда.
Сердардын чоң атасы, Улуттук гвардиянын полковниги Таалайбек Мырзабаев небереси баса баштагандан тартып аскердик даядыкка кызыгуусу пайда болгонун белгилейт.
Сердардын чоң атасы, Улуттук гвардиянын полковниги Таалайбек Мырзабаев небереси баса баштагандан тартып аскердик даядыкка кызыгуусу пайда болгонун белгилейт.