Үч жашар бала Кыргызстандын башкы желегин күзөтчүлөр менен кошо кайтарууда

© Sputnik / Табылды КадырбековҮч жашар Сердардын башкы желектин алдында жоокердик маршы
Үч жашар Сердардын башкы желектин алдында жоокердик маршы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичинекей Сердар аскердик даярдыкка кирген нерсенин баарына кызыгат. Ал эми үйүндөгү оюнчуктарынын көбү — тапанча менен автоматтар.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү "Ала-Тоо" аянтынан өтүп бара жатып Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аскердик кийим кийип, оюнчук автомат асынган кичинекей бала башкы желектин алдында кичинекей баланын жоокердик марш менен басып жүргөнүнө күбө болгон.

Наристенин аты — Сердар. Фарс тилинен которгондо "Жол баштоочу" дегенди түшүндүрөт. Июнда үч жашка чыкканын белгилейт.

Сердардын чоң атасы Улуттук гвардиянын полковниги Таалайбек Мырзабековдун айтымында, аскердик даярдыкка небереси алгачкы кадам жасай баштагандан тарта кызыга баштаган. Кечинде аскердик кийимчен келген чоң атасын кубаныч менен тосуп алчу.

"Фуражкамды сурап алып кийип, анан марш менен басууга аракеттенчү. Баары ошондон башталып кетти. Башкы желекте кезметте турган жоокерлерди көрүүгө бат-баттан барып турабыз. Эгер жанынан токтобой өтүп кетсек, Сердар чатак сала баштайт", — деди Мырзабаев.

Түркиядагы мелдеште мыкты оюнчу аталган Тилек кыргыздын Роналдусу болгусу келет
Наристе Москвадагы 9-майда жана Кытайда 3-сентябрда өтө турган аскердик параддарга даярданып жаткан жоокерлерди өз көзү менен көрүп калганын чоң атасы айтып берди. Аларды карап эле тим болбостон, Сердар кечинде полковник чоң атасы менен аскерди басыкты өздөштүрөт.

"Пантера" бөлүгүнүн ыкмаларын кайталайбыз. Автомат менен тапанча оюнчуктары көп. Пульт менен башкарылуучу машина алып берсек, ошол боюнча турат. Мультфильмдерден тышкары аскер кызматкерлери жөнүндөгү роликтерди да чоң кызыгуу менен көрөт", — дейт Мырзабаев.

Чоң ата небересин күчтөп аскердик кызматкер кылбай турганын айтат.

"Балким, бул кызыгуусу өтүп кетер. Ушул багытты тандаса, колуман келишинче жардам берем. Тогузунчу класстан кийин аскердик лицейге тапшыртып, андан кийин академияга сапар алат. Азыртан эле "Ата Мекениме кызмат кылам" дегенди так айтат", — деди ал.

Балага камуфляж формасын атайы тигип, 23-февраль күнү белек кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0