Көркөмдөп муз тебүү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык окуучу коло байге утту
Көркөмдөп муз тебүү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык окуучу коло байге утту
Sputnik Кыргызстан
Бул мелдешке 27 мамлекетинен келген спортсмендер катышты. Кыргызстандын атынан тогуз жаштагы Медина Кутманова күч сынашты. 19.02.2016, Sputnik Кыргызстан
Бул мелдешке 27 мамлекетинен келген спортсмендер катышты. Кыргызстандын атынан тогуз жаштагы Медина Кутманова күч сынашты.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тогуз жаштагы Медина Кутманова Болгариянын София шаарында эл аралык көркөмдөп муз тебүү мелдешине катышып, коло медалга ээ болду. Бул тууралуу "Себат" Эл аралык билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
2014-жылдын мартында Казакстанда болуп өткөн Азия мамлекеттеринин ортосунда болгон көркөмдөп муз тебүү мелдешинде 3-орунду алган.
"11-февралда Болгариянын София шаарында эл аралык "Sofia Trophy" көркөмдөп муз тебүү мелдешине дүйнөнүн 27 мамлекетинен келген спортсмендер катышкан. Кыргызстандын атынан 3-класстын окуучусу тогуз жашташы Медина Кутманова катышып, бардык топтогон упайларынын жыйынтыгы менен коло медалга ээ болду",— деп айтылат билдирүүдө.
Буга дейре үчүнчү класстын окуучусу Медина Кутманова көптөгөн мелдештерине катышып келген.
2014-жылдын мартында Казакстанда болуп өткөн Азия мамлекеттеринин ортосунда болгон көркөмдөп муз тебүү мелдешинде 3-орунду алган. Ал эми 2015-жылдын декабрь айында Кыргызстанда өткөн мелдеште биринчи орунга ээ болгон.