БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тармактык комитети 22-февралда Маданият жана искусство жаатындагы абал боюнча коомдук угуу өткөрөт. Анда бул жааттагы чыгармачыл союздардын мындан аркы тагдыры талкууланат.
Иш-чараны Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жетекчиси Садык Шер-Нияз демилгелеген. Максат – чыгармачыл союздардын көйгөйлөрүн угуп, анны негизинде сунуш-пикирлерди кабыл алуу.
"Кинематографисттер, жазуучулар, композиторлор, журналисттер, архитекторлор, театр ишмерлер союздарын чогултуп, алар менен мындан ары кантип майнаптуу иш алып баруу туурасында талкуу болот", — деп билдиришти аталган комитеттен.
Ал учурда чыгармачыл союздарды колдоо боюнча мыйзам жоктугун жана мындай бирикмелердин мамлекет менен үзүлүп калган байланыштарын калыбына келтирүү боюнча талкуу болорун кошумчалады.