Бишкекте окуучулар арасында баскетбол боюнча мелдеш өтүп жатат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүБаскетбол. Архив
Баскетбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке 16 жашка чейинки улан-кыздар катышууда. "Борбордун мыкты командасы" наамына ар бир райондон экиден команда ат салышат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Борбордо мектеп окуучулар арасында баскетбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Ал эми 22-26 февраль күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мектеп окуучулар арасындагы баскетбол боюнча беттештин финалдык бөлүгү өтөт.

Турнирге борбордон 200 окуучу, кыздардын сегиз командасы, балдардын сегиз командасы катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0