БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин жана ишкерлердин коррупцияга каршы форуму өтөөрүн Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсынан билдиришти.
Иш-чара борбор калаада 25-февралда болот. Форумга бир катар мамлекеттик кызматкерлер менен бизнес уюмдардын өкүлдөрү катышып, коррупция менен күрөшүү жолдорун талкуулашат.
Жолугушууга Экономика министрлигинин, бизнес уюмдардын жана мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.