БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын аймагында 169 качкын баш калкалап жатканын Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Афганистандан 106 киши келсе, Сириядан — 50, Украинадан — 10, Ирандан — 2 жана Мароккодон — 1 адам келген.
"Былтыркы жылы 176 чет элдик жарандан качкын статусун алуу боюнча 129 сунуш түшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеме бул жарандар боюнча маалымат алгач УКМК жана Терроризмге каршы борборго жөнөтүлүп, алардын берген көрсөтмөсүнүн негизинде статус берүү боюнча процедуралар жүрө турганын белгилейт.