БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Таластын аймактык ооруканасындагы хирургия бөлүмүнүн жетекчиси операция үчүн пара алып жаткан жеринен кармалганын Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыгер арыз ээсинин жубайына операция жасоо үчүн 11 миң сом өлчөмүндө акча сураган.
Кылмыш үстүнөн кармалган хирургга иш козголуп, Талас облустук прокуратурасы тарабынан ага карата "Пара талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери башталып жатканы белгилүү болду.