БИШКЕК, 1 фев — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаттары салык текшерүүлөрүн ушул жылдын апрель айынан декабрга чейин токтотуп турууну сунуштап жатышат.
Учурда мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Демилгечи топтун айтымында бул кадам ишкерлерге жеңилдик түзөт.
Демилге учурдагы экономикалык каатчылыкты эске алуу менен көтөрүлүүдө. Депутаттар бул сунуш ишке ашса, ишкерлерге жеңилдик болорун айтышууда.
Депутаттар мындай кадам ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө жардам болот деген ойдо.
Демилгечи топ — Жогорку Кенештин депутаттары Дастан Бекешев, Чыныбай Турсунбеков, Марат Аманкулов, Эльвира Сурабалдиева, Абдувахаб Нурбаев, Азамат Арапбаев жана Автандил Кулбараков.
Бул демилге өлкөбүздө биринчи жолу сунушталып жаткан жок, буга чейин 2008-жылы апрель айынан декабрга чейин салык текшерүүлөрү токтотулган.