Леонардо Ди Каприонун маралдарга берген акчасы кандай бөлүштүрүлөт

© Влад УшаковЖайыттагы маралдар. Архив
Жайыттагы маралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражаттын басымдуу бөлүгү жаныбарларды ташууга жана адистердин ишине кетет. Долбоорду ишке ашырып жаткан топтун мүчөлөрүнө айлык каралган эмес.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Маралдарды Жалал-Абад облусуна реинтродукциялоого Леонардо Ди Каприонун фонду тарабынан бөлүнгөн акчанын басымдуу бөлүгү жол киреге кете турганын долбоордун жетекчиси Гамал Сооронкулов билдирди.

Ак аюуну жардырып жиберген мыкаачыга кылмыш иши козголду
Буга чейин Кыргызстанда Нарындын мамлекеттик коругунда кармалган маралдарды Жалал-Абаддын Аксы районуна которуу боюнча долбоор башталып жатканы маалымдалган. Максаты — жаныбарлардын түпкү жерине кайтаруу. Леонардо Ди Каприонун фонду Кристенсен фондусу менен биргеликте бул максатка быйыл 30 миң доллар бөлүп берген.

Маралдарды Нарындан Жалал-Абаддын Авлетим аймагына чейин жүк ташуучу унаа менен жеткирүүгө 1950 доллар жумшалат. Ал эми бөлүнгөн каражаттын 15 миң 950 доллары жаныбарларды Алан-Тоого жеткирген тик учактарга төлөнмөкчү.

1 миң 412 долларга ноутбук, принтер, фотокапкан, видео жана фотокамералар алынат. 5 миң 120 доллар чатыр, кышкы жана жайкы атайын кийим, дүрбү, рация, бензин меш, идиш-аяк, маралдар үчүн куту, дары-дармек алууга сарпталат. Адистердин командировкасы жана жашоосу үчүн 2 миң 968 доллар каралган. 

Мындан тышкары, долбоордун ишине чет элдик адистер тартылат. Эл аралык деңгээлдеги ветеринардык дарыгерге 2 миң доллар төлөнөрү айтылууда. 

Ал эми реклама жана материалдарды соцтармактарга жайгаштырууга 600 доллар бөлүнгөн. 

Мында долбоорду ишке ашырып жаткан 17 кишиден турган топко айлык акы каралган эмес. 

Бүркүттүн санынын кыскарышы токойлордун азайышына, мергенчиликке байланыштуу келет. Көп учурда ал аңчылардын курмандыгына айланып калат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматы боюнча учурда Кыргызстандын аймагында маралдын 427 башы бар. Алар негизинен Сары-Челек жана Нарын коруктары менен Ысык-Көл облусун байырлайт.

Актер Леонардо Ди Каприо 1998-жылы адамдардын табият менен таттуу мамиледе болуусун көздөгөн кайрымдуулук фондун ачкан. 

15 жыл ичинде актёр миллиондогон жардамдарды көрсөтө алган. Мындан сырткары, бул уюм илбирстерди көбөйтүү Фондусунун курамына кирет. Ал уюмга он эки өлкө менен бирге Кыргызстан да мүчөлүк кылат. 

Кыргызстандагы маралдар боюнча долбоорго фонддон дагы 60 миң доллар алуу каралган. Мында 30 миңи эмдиги жылы бөлүнсө, дагы ошончо каражат 2018-жылы берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0