Кыргызстанда республиканын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 209 түрү бар. Анын 95 түрү өсүмдүк менен козу карын болсо, 26сы — сүт эмүүчүлөр, 53ү — канаттуу, 18и — курт-кумурска, 10у — амфибия жана рептилия, жетөө — балык болуп саналат. Жалпы жонунан Кыргызстанда 84 түрлүү сүт эмүүчүлөр, канаттуунун 390 түрү, балыктын 70 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 43 түрү катталган.
Тоо теке, аюу жага аркарларды аткандарга 7 миң доллар, ал эми кк илбирс үчүн 9 миң доллар айып пул салынат.
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Кыргызстандагы жок болуп кетүү чегинде турган 10 жаныбардын тизмесин тартуулайт.
Материал даярдоого көмөктөшкөн жапайы жаныбарларды коргоо боюнча иш алып барган "Бугу Эне" фондуна терең ыраазычылык билдиребиз.

1/20
© Фото / Влад Ушаков
Ак илбирс сүт эмүүчүлөргө кирген ири жырткыч жаныбар болуп саналат. Борбордук Азиянын тоолорунда жана Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кездешет.

2/20
© Фото / Влад Ушаков
2014-жылы Кыргызстанда илбирстердин саны 300дөн ашпай калганы белгилүү болгон. Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун Кызыл китебине киргизилген.

3/20
© Влад Ушаков
Ак тырмактуу аюу күрөң аюунун эң аз сандагы түрү болуп саналат.

4/20
© Влад Ушаков
Алдыңкы буттарындагы тырмактарынын өңү — ак. Адистердин айтымында, Кыргызстанда мындай аюулардын 300ү гана калган.

5/20
© Фото / Влад Ушаков
Аркар Борбордук Азияда кездешкен ача туяктуу жаныбар.

6/20
© Фото / Влад Ушаков
Ал эл аралык кызыл китепке киргизилип, аялуу жаныбар болуп саналат. Эксперттердин айтымында, аркарларга болгон аңчылык алардын санын кескин азайтып жибериши толук мүмкүн.

7/20
© Влад Ушаков
Кыргыздар байыртадан эле бугуну ыйык тутуп келишкен. Уламышка ылайык, кыргыз урууларынын бири бугудан келип чыккан.

8/20
© Влад Ушаков
Бүгүнкү күндө Нарын мамлекеттик коругу Кыргызстандагы маралдын жүргөн жападан жалгыз жери. Учурда алардын саны 150-180 башка жетет.

Сүлөөсүн Кыргызстандын бардык тоолорунда, деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте кездешет.

10/20
© Влад Ушаков
Жаныбар 1986-жылы Кызыл китепке киргизилип, ошондон бери ага аңчылык кылууга тыюу салынган.

11/20
© Влад Ушаков
Чүткөр көп изилденбеген жаныбар болуп саналат. Ал Кыргыз тоо кыркаларынан, Талас өрөөнүндө, Чаткал жана Фергана кыркаларынын төмөн жагында кездешет.

12/20
© Влад Ушаков
Бул жаныбар үчүн аңчылык, суук кыш жана ачарчылык өтө кооптуу. Чүткөр Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктарында, Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында, "Баш-Таш", "Кара-Шоро" парктарында коргоого алынган.

13/20
© Влад Ушаков
Жырткыч куштардын эң чоңу. Кыргызстандын бийик тоолорун жердейт.

14/20
© Фото / Влад Ушаков
Бүркүттүн санынын кыскарышы токойлордун азайышына, мергенчиликке байланыштуу келет. Көп учурда ал аңчылардын курмандыгына айланып калат.

15/20
© Влад Ушаков
Үкү — сейрек кездешкен жана көп кыймылдабаган канаттуу болуп саналат. Кыргызстандын тоолуу аймактарынан тышкаркы бардык жеринде кездешет.

16/20
© Влад Ушаков
Кызыл китепке киргизилген бул канаттуунун азырынча так саны аныктала элек.

17/20
© Влад Ушаков
Таз жору — бул түрдүн Кыргызстандагы жападан жалгыз өкүлү. Анын тоо-өзөндөр менен бирге деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан Каракол аймагынан кездешет.

18/20
© Влад Ушаков
Көңүл ачуу үчүн таз жоруга болгон аңчылык канаттуунун санынын азайышынын бирден бир себеби. Азырынча анын так саны белгисиз.

19/20
© Влад Ушаков
Кыргызстанда жарганаттын 19 түрү бар. Сейрек кездешүүчү түрлөр негизинен өлкөнүн түштүк-батышында кездешет. Алар учуп жүргөн курт-кумурскалар менен тамактанып, үңкүрлөрдү баш паанектейт.

20/20
© Влад Ушаков
Кыргызстандын Кызыл китебине жарганаттын беш түрү киргизилген.