БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкекте кургак учук илдетин аныктоонун сапатын жакшыртуу максатында лаборанттар үчүн өткөрүлгөн окуу аягына чыга турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Улуттук референс-лабораториянын директору Гүлмира Калмамбетованын айтымында, тренинг 18 менеджер менен лаборанттар үчүн уюштурулган. Мында облустук лабораторияларда кургак учук илдетин аныктоонун сапатын жакшыртуу, изилдөөлөрдү ийгиликтүү өткөрүүнүн ыкмалары окутулду.
Иш-чара USAID уюмунун "Кургак учукту жеңебиз" долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Эки күндүк тренингдин катышуучулары лекцияларды гана укпастан, практикалык тажрыйбаларга катышып, билимин арттырды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын кургак учукка чалдыккан 6 миң жаран аныкталат.