Бүгүн Ленинград шаарынын фашисттердин курчоосунан бошотулганына 72 жыл толду. Буга карата борбордогу Дайыр Асанов атындагы паркта митинг-реквием өткөрүлдү.
Фашисттик курчоо учурунда 600 миңден ашык адам каза тапкан. Анын 97 пайызы душмандардын огунан эмес, ачкачылыктан көз жумган. Совет бийлиги тарабынан бир жарым миллион адам эвакуацияланган. Кыргызстанга 16 миңден ашык адам жөнөтүлүп, алардын көбү ушул жерди мекендеп калган. Себеби, өз мекенге кайтууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Бүгүнкү күндө Бишкекте 18 Ленинградда курчоодо болгондор жашайт. Аларга мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүлүп турат.

27-январь, 2016-жыл — улуу дата: Ленинград курчоосунун алынышына 72 жыл толду. Аталган шаардын жарандары фашисттер тарабынан 900 күнгө барымтага алынган

Иш чарада ленинградчылардын эрдигине таазим кылынып, эстеликке гүлчамбарлар коюлду

Маркумдарды эскерүүгө Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев жана Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько катышты

Ленинградды коргоочулар коомдук бирикмесинин жетекчиси Анна Кутанова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен биргеликте иш чарага катышты

Октябрь районуна караштуу мектептин окуучулары да эскерүүгө катышты

Диний кызматкер ленинградчы маркумдарды эскерүү иш чарасында

Жергиликтүү чиновниктер Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен биргеликте эстеликке гүл коюшту

Россиянын аскерлери гүлчамбар коюшту

Расмий иш чарадан кийин каалоочулардын бардыгы эстеликке гүл коюшту

Тарыхтагы трагедиялуу окуя жеңиштин баасы канчалык жогору экенин көрсөттү

Иш чаранын катышуучулары эстеликти гүлгө бөлөдү

"Тирүүбүз, чыдайбыз, жеңебиз!" — Дайыр Асанов атындагы паркта жайгашкан эстелик.
