Митинг-реквиемге КР президентинин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев, Россиянын КРдеги элчиси Андрей Крутько, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов жана Ленинград курчоосунун катышуучулары, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери катышты.
Курман болгондор эскерилип, Ленинград курчоосунун катышуучулар коомунун төрайымы Анна Кутанова келгендерди бул күн менен куттуктады.
Митингдин катышуучулары Улуттук Гвардиянын Ардак кароолунун коштоосунда эстеликке гүл чамбар коюп, бул окуянын урматына үч жолу асманга ок атылды.
Учурда Кыргызстанда Ленинград курчоосунун 31 катышуучусу болсо, анын 18и Бишкек шаарында жашайт.