БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Айыл Чарба жана мелиорация министрлигинин райондордогу өкүлчүлүктөрүндө компьютерлер менен кеңсе техникасы жаңыланганын аталган мекеме билдирди.
Техникага Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 28 башкармалык ээ болду. Жаңы жабдуу сатып алууга Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган "Мал чарбачылыгын жана базарды өнүктүрүү-2" долбоору жардам бергени айтылууда.
Техниканын жалпы наркы 77 миң доллары түздү. Эскерте кетсек, министрликтин өлкө боюнча 40 өкүлчүлүгү бар.