БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте №167 микроавтобус менен №6 автобус кагылышып, тогуз адам жабыркаганын Жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-январь күнү болгон. Мында бус Тынчтык проспектиси менен түндүктөн түштүк аймакты көздөй бара жатып, ошол эле багытта келе жаткан автобус менен Айни көчөсүнө бурулуп жаткан маалында сүзүшүп кеткен.
Жабыркагандардын арасында эки кичинекей баланын бар экени айтылууда. Баары тең ооруканага жаткырылды.
Унаалар айып короого токтотулуп, айдоочулардан текшерүү үчүн кан алынды. Ал эми кырсык фактысы боюнча териштирүү башталды. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.