БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министринин эки орун басарына, статс-катчыга, жана Кытайдагы элчиге Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык ранг берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, статс-катчы Данияр Сыдыков жана орун басары Эмил Кайкиевге Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси деген дипломатиялык ранг ыйгарылды.
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгуловага дагы дипломатиялык ранг берилгени маалыматта белгиленген.