БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Айдоочу электр карагайын сүзүп, Аламүдүн районунун "Кара-Жыгач" жаңы конушу жарыксыз калганын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, линияны Honda Accord унаасы жарактан чыгарган. Окуя бүгүн таңкы саат төрттө болгон.
Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан улам келтирилген зыяндын көлөмү 20 миң сомду түзгөн.
Жол кайгуул кызматы жол кырсыгын тастыктады. Унаа эвакуацияланып, иликтөө иштери башталды.
"Айдоочунун айтымында, дөңгөлөктөрү жайкы болгондуктан ал рулду башкара албай калган. Экспертиза дайындалып, унаа айып короого токтотулду", — деди ЖКК.
Учурда окуя болгон жерде "Түндүкэлектр" ишканасынын адистери иштеп, түшкө чейин конуш жарык менен камсыздала турганын убадалашты.