БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама тобунун чабуулчусу Иван Филатов Омандын "Сохар" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Иван Филатов 2015-жылы "Алга" тобунун курамында ойногон. Ал аралыкта футболчу 12 гол киргизген. Мындай жыйынтыктан кийин оюнчу кыргыз улуттук курма тобуна чакырылган. Анда Австралияга каршы команданын негизги курамында ойногон.
"Улуттук команданын чабуулчусу Иван Филатов омандык "Сохар" тобуна өтүп кетти", — деп айтылат Футбол федерациясынын маалыматында.
"Сохар" футбол клубу 2014/2015-жылдары Омандын жогорку чемпионатында 12-орунга ээ болгон. Быйыл Филатовдун жаңы клубу үчүнчү орунду ээлеп турат. Омандын жогорку лигадагы чемпиондугуна жалпысынан 14 футбол командасы катышат.
Ал эми Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Эдгар Бернхардт Омандын чемпиону "Аль-Оруба" тобунун курамына кошулду.