Бексултан Жакиев: тойлор коммерцияга айланып кетти — көйрөңдөнүү, мактануу

Жазылуу
Улуу жазуучу юбилейлик курактагыларга салыштырганда, мамлекеттик, улуттук мааниси чоң, улуттун ар намысын, аң-сезимин көтөрө турган иштер маанилүү болуп турат дейт.

Бүгүн Кыргыз Эл баатыры, драматург, прозаик Бексултан Жакиев 80 жашка чыкты. Жазуучу кечээ премьер-министрдин кабыл алуусунда болуп, 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарткандыгын айткан эле. Бул теманы улай юбилярга бир нече суроо узаттык.

— Бексултан аба, сиздин юбилейди өткөрүүдөн расмий баш тартууңузга эмне себепкер болду? 

Жакиев: менин мааракем руханий дөөлөттөрдү сактоого караганда 50 эсе бери турат
— Президенттин 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо боюнча атайын Жарлыгы чыкты. Анда бир топ иш-чаралар белгиленген. Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын, даанышман-ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын, Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюнун өткөрүү алдында турабыз. Жарлыкта көрсөтүлгөн руханий дөөлөттөрдүн ар бири өтө маанилүү. Эгерде дүйнөгө аларды жакшылап алып чыксак, өлкөбүздүн кадыр-баркы жогору көтөрүлөт. Ошолорду көрсөтүш үчүн артисттер, ырчы-чоорчулар, манасчылар, комузчулар керек. 

Ал эми мага окшогондор менин юбилейимди өткөр деп филармония, театрларды талашсак, жанагыдай чоң дөөлөттөр жакшы көрүнбөй калат. Биздин юбилейлик курактагыларга салыштырганда, мамлекеттик, улуттук мааниси чоң, улуттун ар намысын, аң-сезимин көтөрө турган иштер алда канча маанилүү болуп жатпайбы. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды унутуп, аларга жол беришибиз керек. Ошон үчүн мен театрда юбилейимди расмий өткөрүүдөн баш тарттым. 

— Бул демилгеңизге калемдештериңиз, акын-жазуучулар кандай карайт болду экен?

— Кандай караганы чынын айтсам мага баары бир. Билип турам, көбү мени жаман көрөт, сөгөт. 

— Балким, оң кабыл алат?.. 

СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматова: Муратбек Рыскулов — сахнанын королу болчу
— Акылдуулары жакшы дейт, акылы жоктор толтура. Сен айткандай, менден үлгү алгандар болсо, рахмат дейбиз. Албетте, мен буларды таңуулабайм, бул менин сунушум. Үгүттөбөйм, ар кимдин өз эрки өзүндө. 

Юбилейди өткөрүүнүн башка жолдору бар, макалаларды, пикирлерди, маектерди газета-журналдарга жарыялап, теледен, радиодон кетирсе болот. Эмгеги өткөн инсандар менен жогорку окуу жайларда, мектептерде жолугушууларды уюштурган максатка ылайык. Жыл бою юбилейин өткөргөнгө да көнүп алдык. Биздин тойлорго болгон мамилебизди алалычы. Көйрөңдөнүү, мактануу. Тойлор коммерцияга айланып кетти. Ал тургай өлүк көмгөндө да ушундай көрүнүш. Илгери кыргыз киши өлгөндө барып, муркумга багыштап жөн гана Куран окуган, дүнүйө, акча чогулткан эмес. 

— Куттуктоолорду кабыл алып, жакындардын арасында 80 жашты тососуз…

— 16-январда илгертеден бери айттырбай куттуктап теңтуштарым келет. Алардан сырткары жакшы сааналаш, ини-карындаштар, небере-чөбөрө, балдар бар. Таптакыр эле чай ичишпей калмак белек. Мен жана мени сыйлаган кишилерге чай беребиз. 

— Эгерде сыр болбосо, кандай чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз?

— Иштеп жатам, бирок, айтпайм. Себеби, алдын ала айтып койсом, жазгым келбей калат. Бул жаш кезден келе жаткан көрүнүш, айтсам эле көңүлүм чаппай калат. Ал эми жалпысынан алганда, чыгармачылыкта активдүү иштеп жатам.

— Бексултан аба, Sputnik Кыргызстан эмгек жамааты сиздин 80 жылдык юбилейиңиз менен куттуктап, бекем ден соолук жана чыгармачылык ийгилик каалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0