БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мэрия борбор калаанын тазалыгын сактабагандарга кандай чаралар көрүлө турганын эскертти.
Маалымат кызматынан билдиришкендей, калааны булгагандар КРдин Административдик кодексинин 489-беренесине ылайык, 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып тартат. Эгер ушундай аракеттери кайталана турган болсо айып пулдун көлөмү 20 миң сомго чейин көтөрүлүп, сегиз саат коомдук жумуштарга тартылат.
Шаардык муниципалитет курулуш фирмаларынын же, жеке жактардын таштандыларды ой келди ыргыткан учурларын каттап, аларга айып салып келет.