БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Баткен облусунун Үч-Коргон айылындагы балдар интернат үйүнө экономика министрлигинин Түндүк жана Түштүк аймактар аралык башкармалыгы жардам берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мында окуу жана кеңсе куралдары, идиш-аяк жана жууп-тазалоочу каражаттар сатып берилген.
Жаңы жыл алды берилген жардамдын жалпы суммасы 12 миң сомду түзөт.